СОШ №96 Средняя общеобразовательная школа №96

О приеме в школу

Окуучуларды мектепке кабыл алуу

 Окуучуларды мектепке жыл бою кабыл алынат.

1-класска кабыл алуу электрондук жазылуу аркылуу жүргүзүлѳт.

Электрондук каттоо 15 февралдан башталат.

Каттоо эки этапта жүргүзүлѳт.

1-этап

№ 96 орто мектебинин Ак- Ордо жаны конушунун Ленин районуна караштуу микроучастогунда жашагандар үчүн:

15.02.2019ж  дан  15.05.2019ж га чейин

2-этап

15.05.2019ж. дан 15.08.2019ж га  чейин микроучастокто жашабагандар үчүн.

Кабыл алуу үчүн керектүү документтер мектепке алып келинет

Билим берүү мекемесинин аталышы: Бишкек шаарынын №96 орто мектеби

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек Шаары, Ак-Ордо конушу,

Билим берүү мекемесинин жетекчисинин аты-жѳнү жана байланыш телефону : Асанова Гулянда Жумакадыровна

+996 (312) 887 017

+996(709) 085 227

 

Окуучуларды мектепке кабыл алууда талап кылынган документтер:

Аталышы
1.Арыз
2.Өздүк дело (кичинекей китепчеси)
3.Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк
4.Ата-энесинин паспорт көчүрмөлөрү
5.Жашаган жеринен справка
6.Сүрөт 3*4 = 4 даана
7.Мед.справка Ф-26, Ф-63
8.Файл папкасы  ( 20 барактык 2 даана)
9.Окуучунун ОМСнин көчүрмөсү

 

10-класстарга кабыл алууда: ата-эненин арызы, 9-кл.бүткөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылынат.

Окуучуларды кабыл алууда мектеп администрациясы ата-энелерге  мектептин документтери менен тааныштыруу керек:

А) Мектептин уставы;

Б) Жалпы орто билим берүү мектебинин лицензиясы;

В) Учурдагы эрежелери.

Мектепке кабыл алууга арыз берилгенден кийин директордун буйругу менен 2 күндүн  ичинде алынат.

1-класс жана 11-класска кабыл алуу боюнча буйрук ушул жылдын 10-сентябрына чейин чыгарылат.

Окуучу мектепке киргени тууралуу буйрук чыккандан кийин алфавиттик китепчеге жазылыш керек.

Ар бир окуучуга өздүк дело түзүлөт. Өздүк делого окуучунун алфавиттик китептеги жазылышына ылайык номер берилет.

Окуучуну кетирүүдө алфавиттик китепчеге каякка кеткендиги жана себеби жазылат (мектеп ичиндеги  буйрук)

Өздүк дело мектепте сакталат. Эгер башка мектепке кетсе ата-энелердин жазып берген арызынын негизинде жана окуп жаткан мектебинен справка алып келсе өздүк дело берилет.

Мектепке мектеп жашындагы билим алуу укугуна ээ болгон бардык жарандарды кабыл алат. Балдарды негизсиз себептер менен кабыл албоого жана конкурстук талап менен алууга уруксат берилбейт.