№96 жалпы орто билим берүү мектеби Ленин району, Ак-Ордо конушу

Новости

2020-2021-жаңы окуу жылынын башталышы менен №96 орто мектеби жана ШИИББнын МККБнын 4-ротасынын ага тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Алымкулов М.Ж. биргеликте иш алып баруудабыз. 16-17-сентябрь күндөрү кызматкерлер 1-класстын окуучулары менен жолугушуп, жолдо жүрүү эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштери  жүргүзүлдү. Болбос үчүн кырсыктар, Айталы жол эреже. Эсиӊерге туткула, Билбегендер билишсин. Жолдо жүрүү өзүнчө, Кызык экен окусаӊ. Эрежени үйрөнсөӊ, […]
17.09.2020 108
1-сентябрь өлкөнүн дээрлик бардык мектептеринде билимге чакырган Билим күнү болуп өттү. Бул күнү N96 орто мектебине 1-класстардын окуучуларын куттуктоо максатында Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын орун басары Карынбаев Аскат Асаналиевич келип 1-класстардын алгачкы сабактарына катышып, окуучуларды куттуктап кетти. 1-сентябрда биринчи сабак “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” деген темада класстык сааттар класстарда жана аралыктан окутууга байланыштуу онлайн түрүндө […]
04.09.2020 85
«Мугалимге таазим» Мугалим илим-билим жолун самап, Мугалим жаштар үчүн сыймык тагат. Мугалим мөмө-жемиш дарак бизге, Жүрөктө түбөлүккө ардакталат. Бшкек шаары Ленин району №96 жалпы билим берүү орто метебинде өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, окуучуларыбызга дистанттык окутуу жүргүзүлүп  жатат.Бул учурда ата-энелер мугалимдерге болгон ыраазычылыктарын билдиришүүдө.Албетте,ата-энелердин колдоосу мугалимдерге дем күч берет деп ишенебиз. Мугалим болуу жүрөктүн баатырдыгы, Мугалим болуу […]
15.04.2020 535
Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу окуучуларыбызды аралыктан окутууга туура келди. Аралыкта окууда мугалимдер менен ата-энелердин тыгыз байланышта иштеп жаткандыгы балдарыбыздын жаркын келечеги деп ойлойбуз. Урматтуу ата-энелер жана биздин сүйүктүү окуучуларыбыз биз мугалимдер билим бергенге дайыма даярбыз. Урматтуу ата-энелер балдарыбыздын келечегин түптөөгө чогуу салым кошолу! Кимде ким окуй билсе, олжо табар, Кимде ким билим алса – олжо […]
13.04.2020 585
Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул – мугалим. (А. Дистервег) Мугалим илим-билим жолун самап, Мугалим жаштар үчүн сыймык тагат. Мугалим мөмө-жемиш дарак бизге, Жүрөктө түбөлүккө ардакталат. Мугалим ата-энедей мээрим төккөн, Мугалим көзүмдү ачкан медер көркөм. Биз дагы унутпайбыз, эскеребиз, Мугалим агай, эже беттен өпсөм. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу, […]
10.04.2020 1169
«Өлбөс каттар» Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата өспүрүмдөр арасында  уюштурулган «Өлбөс каттар» аталыштагы конкурска №96 орто билим берүү мектебинин окуучулары мугалимдер жана ата-энелер менен биргеликте активдүү даярданып,сынакка кызыгуу менен катышып жатышат.Бул конкурста окуучулар фронттон келген каттарды көркөм окушуп,видио ролик менен чагылдырып беришүүдө.Бул конкурстун катышуучулары 3-«А» классынын окуучусу Суеркулова Асия «Капар Султановдун», 7-«Д» классынын окуучусу Дуйшоева […]
05.04.2020 458
8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 8-9-10-класстардын кыздар арасында сулуулар конкурсу жана 5-6-7-класстар арасында Мисс-Мисстер конкурсу болуп өттү. Бул конкурста кыздар өз кол өнөрчүлүгү менен тигилген көйнөктөрүн кийишти.Конкурстун ар бир катышуучусуна ар кандай номинациялар тапшырылды. Жаз келсе аалам сулуу,адам сулуу, Күндүн да бир бөтөнчө чачкан нуру, Булактардын ырлары дандын даамы, Гүл жыттуу жаздын төккөн жамгырлары.
12.03.2020 2 615
2020- жылдын 29-февралында №96 жалпы орто билим берүү мектебинде “Педагогдордун кесиптик чеберчилигин заманбап технологияларды пайдалануу менен жогорулатуу” деген темада мугалимдер үчүн семинар- тренинг өткөрүлдү. Бул тренингдин максаты санариптик технологияларды сабак өтүүдө колдонуу, жайылтуу жана тажрыйба алмашуу. Семинарда : “Кызыктар дүйнөсүнө саякат”, “Сен кандай адамсың”, “Зип Грейд” жана “Кахут” программаларында иштөө, “Орус адабияты сабагында цифралык технологияны […]
07.03.2020 561
N96 жалпы орто билим берүү мектебинде 5-март “Ак калпак күнү” белгиленди.Бул күн өзгөчө салтанаттуу линейка менен башталды.Линейкада окуучулар кыргыздын улуттук баш кийимиин даңазалап ырдашты жана кызыктуу докладдар окулду.Линейка аяктагандан кийин калпакчан жигиттерибиз “Ак калпак” жөө жүрүшүнө басышты.Ал эми класстарда “Ата мурасы ак калпак” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.
05.03.2020 557
N96 орто орто мектебинде “Жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу” боюнча тегерек стол болуп өттү.Бул тегерек столдун уюштуруучулары мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мектептин соц педагогу окуучулар менен кызыктуу баарлашуу өткөрүштү.Тегерек столдо доклад,слайд жана окуучулар тарабынан даярдалган кыскача сценка тартууланды.Аталган тегерек столго Ак-Ордо айыл өкмөтүнүн соц кызматкери катышты.
02.03.2020 381
21-февраль Эл аралык эне тил күнү 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнѳ карата № 96 орто мектептин жыйын залында окуучуларга башка улуттурдын тилин, каада-салтын, адабиятын таанытуу максатында 8-9-класстар арасында «Тил бермети – дил бермети» аттуу интеллектуалдык оюн ѳткѳрүлдү. Окуучулар үч тилде: кыргыз, орус, англис тилдеринде ѳз ѳлкѳлѳрүн слайд аркылуу жактап, бири-бирине суроо-жооптор үч тилде берилип, […]
28.02.2020 474
1 / 512345